Кең-Суу айылына электр энергиясы киргизилүүдө

Бүгүнкү күндө Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр энергиясы киргизилип жатат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы менен 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы (столба) сатып алынып, жерине жеткирилип берилген. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп, кошумча жабдууларды алуу каралууда.

Бул каражатка чакан айыл электр энергиясы менен толук камсыз болоору кутүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Кең-Суу айылында электр жарыгы болгон эмес.

Бул маселени чечип берген өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровго жана көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз.

Связанный пост