Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Мусулмандардын жашоосунда өзгөчө орунду ээлеген бул ыйык майрам руханий жана ырайымдуулук баалуулуктарынын айкын көрүнүшү катары бүткүл дүйнөгө жарык чачып, элдерибиздин биримдигин чыңдасын”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу ишинде албан ийгиликтерди жана бакубатчылыкты, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Связанный пост