Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

 Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Олжас Бектеновду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.

Анда тараптар эки тараптуу кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, мурда жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашат.

Связанный пост