Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга иш сапары менен келди
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Бишкекке кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынына катышуу үчүн келген.
Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.