Казакстанда учакта жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы тууралуу сүйлөштү.
Ведомствонун маалыматы боюнча, алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто.
“Казакстандык медицина кызматкерлери өз убагында керектүү жардамдарды көрсөтүп, учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Алымкадыр Бейшеналиев казак кесиптештерине кесипкөйлүгү жана ыкчам аракети үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле жарандарыбызды реабилитациялоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулады.
Белгилей кетсек, 25-декабрда саат 11:30 чамасында Мангистау облусунда “Актау” эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак AHY8243 каттамы менен Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Азербайжан, Россия, Казакстан жана Кыргызстан жарандары бар экендиги айтылган.