Катардын Эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

 Катардын Эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин 6-7-июнда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады.

 

Сапардын алкагында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

 

Андан соң өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды толук талкуулашты.

 

Садыр Жапаров Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

 

Ал Кыргызстан Катар Эмиринин чын пейили менен жеке колдоосун жогору бааларына басым жасады.

 

Өз кезегинде Катар Эмири Садыр Жапаровдун чакыруусуна жана меймандостугуна ыраазычылык билдирди. Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын белгиледи.

 

Өлкө лидерлери бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

 

Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

 

Катар Мамлекетинин Эмири жана делегациясы үчүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында кыргыз элинин каада-салттары жана үрп-адаттары жөнүндө баяндаган этномаданий программа тартууланды.

 

Мамлекеттик сапарын аяктап, бүгүн, 7-июнда, Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өлкөдөн учуп кетти.

Связанный пост