Акыркы учурларда оң рулдуу унаалардын катышуусунда өтө оор жол унаа кырсыктары катталууда

 Акыркы учурларда оң рулдуу унаалардын катышуусунда өтө оор жол унаа кырсыктары катталууда

Акыркы учурларда оң рулдуу унаалардын катышуусунда өтө оор жол унаа кырсыктары катталууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерине күн сайын талдоо жүргүзүп, ошого жараша тийиштүү чараларды көрүп келет.

Талдоо көрсөтүп тургандай, Кыргызстандын аймагында катталган бир эле жол унаа кырсыгынан 8-9 жаран көз жумуп, 10го жакын жаран жаракат алып, өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын 60 пайызын оң рулдуу авто унаалар түзүүдө.

Акыркы эле эки учурду ала турган болсок, 28-май күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 78-чакырымындагы оң рулдуу “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү авто унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан 8 жаран жеринде көз жумган. Анын ичинен экөөсү жаш өспүрүмдөр болгон.

Кечөөкү эле 6-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 179-чакырымындагы оң рулдуу “Тойота-Алфард” үлгүсүндөгү авто унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан 6 жараныбыз көз жумган.

Бул оң рулдуу авто унаалар каршы тилкеге чыгуу учурунда жол унаа кырсыктарына кабылган.

Урматтуу оң рулдуу авто унаа каражаттарынын айдоочулары унаа башкаруу чурунда, алдыдагы авто унаадан ашып өтүүдө, маневр жасоодо алдыңкы жолдуу көрүү бир топ ыңгайсыз болгондуктан, ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин так сактооңуздарды өтүнөбүз.

Связанный пост