Касымалиев Жалал-Абадда МИК тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн кабар алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Адад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маселен, “Асман резиденс 2” деп аталган үй 5 блоктон турат жана анын ар бири 9 кабаттуу үй болуп анда 450 батир болот. Заманбап бардык ыңгайлуу шартты камтый турган турак жайдын курулуш иштеринин 90%зы аяктады. Бул үчүн республикалык бюджеттен бүгүнкү күнгө карата 1,6 млрд сом бөлүнгөн.

Ал эми, “Асман резиденс 3” турак жайы 1 блоктон турат, ал 9 кабат жана 135 батирлүү болот. Учурда сырткы көрүнүшү, ички жасалгалоосу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин 90%зы аяктаган. Бул турак жай үчүн учурга карата республикалык бюджеттен 400 млн сом бөлүнгөн.

Курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыккан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, мамлекет тарабынан салынып жаткан турак жайлар чыныгы үйгө муктаж жарандарга берилээрин айтып, өлкөдө узак мөөнөттөн бери үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыздоо маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден экенин, ошол себептүү мындай масштабдуу курулуш иштери республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Связанный пост