Касымалиев: Санариптик трансформация КРнын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бири
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев санариптик трансформация, коопсуздукту камсыздоо жана инновациялык өнүгүү маселелерине арналган Бишкек эл аралык каржы форумуна катышты.
“Бүгүнкү күндө санариптик трансформация Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бири жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн чечүүчү фактору болуп саналат. Кыргызстанда инновациялык экономиканы өнүктүрүү, анын каржы системасын модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, калк жана бизнес үчүн заманбап финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү саясаты ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Кыргызстан санариптик чечимдерди ырааттуу түрдө ишке ашырууда жана технологияга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап финансылык экосистеманы куруп жатат”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө.
Адылбек Касымалиев мобилдик финансылык чечимдерди, электрондук мамлекеттик кызматтарды жана заманбап банктык технологияларды активдүү өнүктүрүүнү, ошондой эле санариптик финансылык инфраструктураны өнүктүрүү, заматта төлөм механизмдерин жакшыртуу, мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштерди белгиледи.
“Санариптик трансформациянын негизги элементтеринин бири “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы болуп калды, ал мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын жана санариптик экосистеманын башка катышуучуларынын ортосунда онлайн маалымат алмашууга мүмкүндүк берет. Мен ошондой эле өлкөнүн экономикасынын дээрлик бардык секторлорун камтыган “Санариптик сом” долбоорун белгилегим келет. Биз санариптик система толугу менен ишке ашырылгандан кийин биздин өлкөдө төлөмдөрдүн коопсуздугу жана натыйжалуулугу камсыз болот деп ишенебиз”, – деди ал.
МинКаб Төрагасы андан ары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каржы рыногунун өкүлдөрү менен бирге алдамчылыкка каршы күрөшүү механизмдерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, каржы системасынын кибер туруктуулугун күчөтүү, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барылып жатканын кошумчалады. Санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн негизги кадамы 2026-жылдын февралында санариптик трансформациялоо, жасалма интеллектти колдонуу, маалыматтардын коопсуздугун жана коргоо үчүн заманбап ченемдик укуктук базаны түзгөн Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин күчүнө кириши болду.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы санариптик технологиялар жаатында эл аралык кызматташууга ачык экенин жана өнөктөштүк, инвестиция, тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин белгиледи.