Өзбекстандан ташылып келген 21 тонна дарбыз артка кайтарылды

 Өзбекстандан ташылып келген 21 тонна дарбыз артка кайтарылды

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 21 тонна дарбыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Күн мурун “Достук” постунда жүргүзүлгөн фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө Өзбекстандан келген 21 тонна дарбыз текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында карантиндик продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жок экендиги аныкталып, ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптары бузулгандыгы белгилүү болду.

Натыйжада бул жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, продукция мыйзам талаптарына ылайык кайра артка кайтарылды.

Связанный пост