Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылдын август айында КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу максатында эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Министрлер Кабинетинин башчысы маегин Кытайдын салттуу майрамы – Күз ортосу майрамы, ошондой эле Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгүнүн 77 жылдыгы менен куттуктап, өткөн 77 жыл ичинде Кытай өнүгүүнүн бардык тармактарында укмуштуудай ийгиликтерге жетишип, дүйнөнүн алдыңкы державаларынын бирине айланганын белгиледи.
Адылбек Касымалиев жакында болгон Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон тарыхый сапары эки өлкө ортосундагы жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүүгө кошумча дем бергенин белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.
«Урматтуу Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон жакындакы ийгиликтүү мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча, биз өлкөлөрүбүздүн лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды практикалык түрдө ишке ашырып, аларды конкреттүү долбоорлорго айландырышыбыз керек. Биздин флагмандык долбоорубуз, албетте, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу болуп саналат. Бул жолдун үзгүлтүксүз курулушун камсыз кылышыбыз зарыл», – деди ал, ошондой эле «Барскоон – Бедел – Үчтүрпан – Аксуу» автомобиль жолун куруу маселесин жигердүү илгерилетүү, жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын курууну баштоо маселелерин белгиледи.
Министрлер Кабинетинин башчысы соода-экономикалык өз ара аракеттенүү маселеси эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты экенин улантып, кытай ишканаларын, атап айтканда Чжэцзян провинциясынын компанияларын Кыргызстанга биргелешкен өнөр жай жана индустриалдык борборлорду түзүү үчүн өндүрүштүк базаларды тартуу жана «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишине катышууга чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тараптын каржылык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, анын ичинде коммерциялык банктар ортосундагы түз корреспонденттик байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экени билдирилди.
Тараптар ошондой эле мунай-газ тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
«Биз сапарымдын алкагында энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлгандыгын кубаттайбыз. Бул документ конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз түзөт деп ишенем», – деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өнүгүп жаткан маданий-гуманитардык кызматташтыкты белгилеп, Кыргызстандын жарандары үчүн Хайнань аралына саякаттоо жана Кытай аркылуу 10 күнгө чейин транзит үчүн визасыз режим киргизгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек жана Санья шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселесин кароону сунуштады.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк бар экенин белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык, каржы тармактарындагы, жашыл энергетика, жасалма интеллект, санариптик экономика жаатындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана чыңдоого берилгендигин билдирди. Ал Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын мааракелик саммити, ошондой эле КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар эки мамлекет башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруу боюнча мындан аркы макулдашылган ишти улантууга берилгендигин тастыкташты.
Аталган сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда электр энергетикасы жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.