Касымалиев Кытайда Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы санариптик соода – бул дүйнөлүк сооданын жөн гана дагы бир багыты эмес, ал дүйнөлүк экономиканын жаңы инфраструктурасына айланып бара жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстан КЭРдин Жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча Дүйнөлүк уюмду түзүү демилгесин кубаттай турганын белгиледи.

“Биз үчүн өзгөчө маанилүүсү, Кыргызстан бул жаңы эл аралык түзүмдүн алгачкы мамлекет-негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү беришин каалайбыз. Кыргызстан бул ишке жигердүү катышууга даяр”, – деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө санариптик соода маселелеринде кызыкдар тараптар менен кызматташуу үчүн бир катар багыттарды белгиледи. Атап айтканда, ал электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрүн, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун санариптик коштоп жүрүү бөлүгүндө санариптик логистиканы, санариптик төлөмдөрдү, чакан жана орто бизнес үчүн ЖИ-чечимдерин киргизүүнү, ошондой эле дата-борборлорду, технологияларды трансфертөө борборлорун биргелешип өнүктүрүүнү жана адистерди даярдоону белгиледи.

“Биздин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок санариптик дүйнөдө аралык тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргызстан инвестицияларга жана технологиялык өнөктөштүккө ачык. Жасалма интеллект жана санариптик соода дүйнөнү абдан тез өзгөртүүдө. Биздин милдет – аларды элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу”, – деди сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысы.

Связанный пост