Картошканын дүң баасы мындан ары көтөрүлбөйт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги азыркы тапта өлкөдө картошка дыйкандар үчүн ыңгайлуу баада кармалып тургандыгын эске салат жана мындан ары аталган продукцияга баа кескин көтөрүлбөй тургандыгын билдирет. Буга байланыштуу картошканын баасы кымбатташы күтүлбөйт. Андыктан, министрлик дыйкандарды учурдан пайдаланып, ушул маалда картошканын запасын сатып, пайда таап алууга чакырат! Учурда дыйкандар картошканы дүңүнөн 40-45 сомдон сатып жатышат.
Министрлик дыйкандарга айыл чарба продукцияларды үзгүлтүксүз сатуу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет жана колдоосун уланта бермекчи.
Белгилей кетсек, картошка 2025-жылдын 14-апрелине карата жалпысынан – 8298,1 тонна республиканын аймагына кирип, ошол эле учурда – 16407,6 тонна экспортко чыккан. Аталган продукция өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясына жана пестицид, нитраттарын текшерүү үчүн токсикологиялык лабораторияларына үлгүлөр алынып, лабораториялык жыйынтыктары таза чыкканда гана, республиканын аймагына киргизилип жатат.
Бүгүнкү күндө республиканын базарларында картошканын чекене баасы 35 сомдон баштап 65 сомго чейин сатылып жатат. Картошканын баасы мындан жогору болушу мүмкүн эмес. Ошондой эле, май айында жаңы картошка чыгып, сатыла баштагандыктан, май айларына чейин кампаларда сакталып турган картошканы сатып жетишкиле, баасы түшүп кетиши мүмкүн экендигин министрлик эскертет.