Каркыра токойчулугунун Аксай участкасында 332 миңге жакын ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу пландалууда

“Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү өткөрүү, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана республиканын аймагында жашыл бак-дарактардын  аянтын көбөйтүү максатында 2024-жылы республика боюнча токой чарбаларга 1,5 миң гектардан ашык аянтта экме токой отургузуу, анын ичинде Түп токой чарбасында 300 га аянтта ири массив экме токой   түзүү пландаштырылган. Экме токой отургузуу мезгили 2024-жылдын  11-майынан 31-майына чейин белгиленген.

Аталган аянтка 332 миңге жакын ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Масштабдуу тапшырманы ийгиликтүү аткаруу үчүн Түп токой чарбасына жардамга Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын  13 токой чарбасы тартылган.

2024-жылдын 18-майында өтөн  акция Түп а. 70 км алыстыкта Түп  токой чарбасынын Каркыра токойчулугунун Аксай участкасынын аймагында өтөт.

Акциянын катышуучулары тарабынан 30 га аянтка 18 600 даана кызыл карагай жана кайыңдын көчөттөрү отургузулду.

Бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча акциянын катышуучулары спорттук жылуу кийимдерин жана  резина бут кийимдерди,  жамгыр өткөрбөөчү кийим, кол каптарды, күрөктөрдү алып жүрүшү керек.

“Жашыл Мурас” улуттук кампанияга катышты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК жана Ысык-Көл, Нарын жана Чуй райондорунун токой чарбаларынын кызматкерлери катышты.

Катышуучулардын жалпы саны 450 адамды түзөт.

Связанный пост