Караколдо бетон плиталарын чыгаруучу ишкана ишке кирди
Бүгүн Каракол шаарында инновациялык жаңы ыкма менен бетон плиталарынын өндүрүшүнүн салтанаттуу ишке киргизүү аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев катышты.
Темир-бетон буюмдарын чыгаруучу ишкананын жетекчиси Элдияр Алакунов билдиргендей, жаңы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 350 метр продукцияны түзөт. Ал Кыргызстандын аймагындагы бул өндүрүштүн уникалдуулугун белгилеп, адистер Казакстанда тиешелүү окуудан өткөндүгүн баса белгиледи.
«Бизде бетон төшөлмөгөдөн тышкары фундамент блок, брусчатка, пескоблок жана башка темир-бетон буюмдарын чыгарабыз», – деп кошумчалады Алакунов.
Жаңы өндурушту ишке киргизуу продукциянын ассортиментин жана көлөмүн бир кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берет, бул облустун курулуш индустриясын өнүктүрүүгө зор салым кошот.