Каракол шаарында “Silk Road Mountain Race 2023” эл аралык веложүрүш старт алат

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана туристтерди тартуу максатында 2023-жылдын 12-августунда КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана британиялык “SRMR” компаниясынын колдоосу менен Каракол шаарында “Silk Road Mountain Race 2023” эл аралык веложүрүш старт алат.

Эл аралык веложүрүш Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу 1 880 чакырым узундуктагы төмөнкү маршруттар боюнча өтөт: Каракол – Эӊилчек – Саруу – Жукуу ашуусу – Нарын – Кел-Суу – Баетов – Казарман – Соӊ-Көл – Кегети – Чоӊ-Кемин – Көк-Айрык ашуусу менен өтүп, 2023-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында аяктайт.

2018-жылдан бери “Silk Road Mountin Race” Туризм департаментинин, ошондой эле ата-мекендик туристтик компаниялардын колдоосу менен Кыргыз Республикасында “Silk Road Mountin Race” эл аралык веложүрүшүн уюштуруп, өткөрөт. Бул иш-чарага чет элдик 200дөн ашык туристтер дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн катышып келишет. Кыргыз Республикасынын аймагында мындай мелдештерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгү чет өлкөлүк туристтердин көп көңүлүн бурат жана өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө түрткү берет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылкы мелдешке дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 200дөн ашык велосипедчи катышат. Маршруттун жалпы узундугу 1 800 чакырым, 30 640 метр көтөрүлүү. Кошумча суроолор боюнча уюштуруу тобунун өкүлүнө кайрылса болот тел: 0755 201-953 Регина.

Связанный пост