Кара-Суунун Жаңы-Барак айылында 101 турак үйдүн курулушу аяктап калды

Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылында 101 турак үйдүн курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев менен биргеликте аталган айылга барышты.

 

Өкүл алгач тийешелүү жетекчилер менен биргеликте Барак эсклавынан көчүрүлүп чыккан жарандарга курулуп жаткан турак жайлар менен таанышып, жакында аларды тапшырууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

 

Анда облус жетекчиси айылга келчү негизги ички жолго тез арада асфальт басып бүтүрүүнү тийиштүү жетекчилерге табыштады. Мындан сырткары, айылдын айланасын иретке келтирүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

 

Белгилей кетсек, учурда Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге 101 турак үйдүн курулушу дээрлик аяктап калган. Үйлөрдүн баары бирдей үлгүдө бардык керектүү шарттары менен салынган. Ошондой эле таза суу тартуу, саркынды сууларды чыгаруу системасын куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө айылдын 3 көчөсүндөгү 60 турак жайга таза суу түтүктөрү тартылган. Башка көчөлөрдөгү үйлөргө тартуу боюнча иштер жүрүүдө.

 

Ал эми электр энергиясы боюнча Кара-Суу райондук электр тармактар ишканасы тарабынан А35 электр зымдары тартылган. 1 көмөк чордону коюлуп, азыркы учурда айыл толугу менен электр энергиясы менен камсыз болгон.

Связанный пост