Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ошто 16 соцобъект ачылды
Бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ош облусу боюнча 16 социалдык объектинин ачылышы өттү.
Мамкурулуштан билдиришкендей, социалдык объектилер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында дин курулуп, пайдаланууга берилди.
16 объектинин ичинен төртөө мектеп, экөө бала бакча жана 20 үй-бүлөгө ылайыкташкан 10 турак үй. Алар:
- Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 Кум-Шоро мектеп;
- Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп;
- Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча;
- Ноокат районунун Караке айылындагы Б.Абдиев атындагы 150 орундуу мектеп;
- Өзгөн районунун Кыймыл айылындагы 60 орундуу бала бакча;
- Өзгөн районунун Чымбай айылындагы № 54 Т.Сарыков атындагы 375 орундуу мектеп;
- Афганистандан келген этникалык кыргыздар үчүн 20 үй-бүлөгө ылайыкталган 10 турак үй.