Кара-Кулжа районунун акими алмаштырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кулубаев Дамир Садырбекович берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Сыдыков Замирбек Бейшенович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.