Кара-Көл шаарында 100 орундуу бала бакча ачылды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылында курулган 100 орундуу бала бакчанын ачылыш аземине катышты.
Эки кабаттуу, 100 орунга ылайыкташкан мектепке чейинки мекеменин курулушу 2022-жылдын ноябрь айында башталган. Долбоорго жалпы 52 млн 358 миң сом акча каражаты жумшалган. Анын ичинен 42 млн сомго жакыны жергиликтүү бюджеттен, калган сумма “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын каражаттарын башкаруу боюнча түзүлгөн атайын эсеп” мамлекеттик дирекциясы тарабынан каржыланган.
Облус башчысы жергиликтүү жашоочуларды жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, мекемеде өлкөнүн керегине жараган, билимдүү уул-кыздар тарбияланып чыгышына үмүт артаарын билдирди.