Кара-Балта шаарында 3 күнгө жаратылыш газы өчүрүлдү
![Кара-Балта шаарында 3 күнгө жаратылыш газы өчүрүлдү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/04/prirodnyy_gaz-850x560.jpg)
«Чүйгаз» газ кызматы 17-апрелден 19-апрелге чейин «Кара-Балта» газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт.
Ушуга байланыштуу, Кара-Балта шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
«Чүйгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.