Каныбек Туманбаев: Жакында өлкөнүн бир катар аймактарында ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылат

 Каныбек Туманбаев: Жакында өлкөнүн бир катар аймактарында ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылат

Жакынкы күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Чыңгыз Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде жайгашкан ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча учурда 62 миңге жакын ипотекалык батирлер курулуп жатат. Ал эми кезекте тургандардын саны 45 миңди түзөт. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт.

“Алсак, 15-апрель күнү Бишкек шаарынын Маликов көчөсүндөгү 500 батирди камтыган турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, май айында Жалал-Абад шаарында 1 миң 300 батир, ушул эле айдын аягында Каракол шаарында 10 блоктон турган турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Бул турак жайлардын баарынын ачкычтарын өлкө башчысы өзү барып тапшырып келет”,-деди ал.

Связанный пост