Каныбек Туманбаев: “ЭлКаттын” 1,2 млн долларга жакын карызын мамлекет төлөп берди

“ЭлКат” эл аралык байланыш оператору толугу мамлекеттин менчигине өтүп, 1 млн 200 миң долларга жакын карызын мамлекет төлөп берди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, “ЭлКат” 1994-жылы мамлекеттик-жеке менчик түрүндө негизделип, анда акцияларынын 51 пайызы мамлекетке таандык болгон. Бирок, 2006-2007-жылдардагы мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттин үлүшү жоголуп, компания толугу менен жеке менчикке өтүп кеткен.
“Ири банктарда “ЭлКаттын” 1 млн 200 миң долларга жакын карызы бар экен. Жаңы убактылуу жетекчи дайындалгандан кийин бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан ал каражат толук төлөнүп, бардык карыздар жабылды. Президенттин тапшырмасына ылайык быйылкы жылга чоң пландар коюлду. Биз 2025-жылы 1,5 миллиарддан 2 миллиардга чейин киреше алууну көздөп жатабыз”,- деди Туманбаев.
Ошондой эле президенттинин Иш башкармалыгынын башчысы акыркы учурларда мыйзамсыз жеке тараптарга өтүп кеткен ишканалар, активдердин бардыгы мамлекетке кайтарылып жаткандыгын белгиледи.
“Бул кандайдыр адамдын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аткарылып жаткан иштер. “ЭлКат” дагы элибизге, мамлекетибизге кызмат кылган, өлкөдөгү эң ири интернет жеткирүүчүлөрдүн бири. Ошондуктан мамлекет жеке көзөмөлүнө алыш керек”,- деди ал.
Белгилей кетсек, Каныбек Туманбаев журналисттерге маалымат берип жатып «ЭлКаттын» жаңы жетекчиси катары Нурадил Баясов дайындалганын жарыялады. Ал Баясовдун мамлекеттик кызматта кеңири тажрыйбага ээ экенин маалымдап, анын жетекчилиги астында «ЭлКат» телекоммуникация тармагында жаңы жетишкендиктерге жетишип, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтөрүнө ишенерин билдирди.
Сөзүнүн акырында Туманбаев компанияны мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча бардык юридикалык жана тергөө иш-чараларын тийиштүү мамлекеттик органдар жүргүзгөнүн баса белгиледи.