Кант шаарында көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды
Президенттин тапшырмасы менен Кант шаарында жаңы заманбап көп батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, жаңы курулуш Кант шаарынын тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шарттарын түзүүдө чоң кадам болуп саналат.
Жалпысынан 72 блоктон турган 5 кабаттуу комплекс 2 160 батирден турат.
Жаңы комплекстин жалпы аянты 27,8 гектарды түзөт.
Комплексте жашоочулар үчүн төмөнкүдөй шарттар каралган:
1. 750 орундуу заманбап мектеп – балдардын билим алуусуна эң жакшы шарттарды түзүү үчүн заманбап мектеп курулат.
2. 280 орундуу бала бакча – балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу бала бакча, алардын өнүгүүсү үчүн шарт түзөт.
3. ТЖКнын өзүнүн отканасы – комплекстин өзүндө жылытуу системасы курулат, бул жашоочуларга ыңгайлуулукту жана энергияны үнөмдөөгө шарт түзөт.
4. Балдар үчүн оюн аянтчалары – балдардын ден соолугун жана кызыгуусун өнүктүрүүгө багытталган оюн аянтчалары менен камсыздалат.
5. 1 290 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай – бул автотранспортту пайдаланган жашоочулар үчүн өтө маанилүү.
6. Жашоочулар үчүн эс алуу зоналары – жашоочулардын эс алуусун жана коомдук чөйрөдө убакыт өткөрүшүн жакшыртуу үчүн атайын эс алуу зоналары уюштурулат.
7. Экологиялык таза электроэнергия үчүн күн панелдери – экологияга зыян келтирбестен энергияны үнөмдөөгө жардам берген күн панелдери орнотулат.
8. Суу бөлгүч кудук жана тазалоочу курулмалар – суу тазалоо жана бөлүштүрүү боюнча заманбап системалар курулат, бул суу сапатын жакшыртууга жана жашоочуларды туруктуу суу менен камсыздоо үчүн шарт түзөт.