Кант-Ивановка перегонунда шпалдарды толук алмаштыруу иштери уланууда
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка перегонунда эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз темил жол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан 4 чакырым алмаштырылат, 2 чакырымда жумуштар бүткөн. Бул аптада жумуштун 75% бүтөт.
Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 3 инженердик техника тартылган.
Иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык аткарылууда.