Камчыбек Ташиев: УКМК кызматкери ишкерлерден системалык түрдө акча алып турган

 Камчыбек Ташиев: УКМК кызматкери ишкерлерден системалык түрдө акча алып турган

УКМК кызматкери ишкерлерден системалык түрдө акча алып турган. Бул тууралуу бүгүн министролер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттуук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

 

Анын айтымына караганда, УКМК коррупцияга малынгандарды аныктоо, кармоо боюнча бир топ иштериди жүргүзүүдө, анын ичинде өзүнүн кызматкерлери арасындагы дагы.

 

“Буга чейин Жалал-Абадда иштеген УКМКнын капитаны ай сайын ишкерлердин акча алып тургандыгы аныкталды. Кийин ал УКМКнын борбордук аппаратына которулуп, кызматтан көтөрүлгөнүн, эми мурдагыдан да көбүрөөк айлык алыш керек экенин, анткени жетекчилик менен бөлүшөөрүн айта баштаган. Биз аны кармадык, сот тарабынан анын баш коргоо чарасы каралат”, – деди ал.

 

Ташиев тилекке каршы, өзү жетектеп жаткан комитетте да таза эмес адамдар бар экендигин моюндады.

 

“Бирок андайлар аз. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, эл эң көп УКМКга ишенет”, — деп кошумчалады ал.

Связанный пост