Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Камчыбек Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө – 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертип, ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарлдыгын белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөөрүн дагы бир ирет эскертип өттү.

 

Ошондой эле келээрки жылдын планына Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 63-чакырымына чейинки аралыгы киргизилип, жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

 

Жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коюлган тапшырмалар аткарыларын жана жумуш кызуу жүрүп жатканын билдиришти.

Связанный пост