Камчыбек Ташиев: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор болбойт

 Камчыбек Ташиев: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор болбойт

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор болбойт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

 

Анын айтымында, мындан кийин бир дагы чиновник, бандит же болбосо криминалдык авторитет элдин бир дагы сотык жерин ала албайт.

 

“Аракет эле кылып көрүшсүн. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор болбойт, мен муну буга чейин дагы айтып келгем. Эгерде кимде-ким уюшкан кылмыштуу топтун уюшулганын көрсө же билсе, бизге кабарлаңыздар”, – деди УКМК башчысы.

Связанный пост