Кайгуул кызматынын жаш тескөөчүлөрүнө жол кыймылын жөнгө салуу боюнча сабактар өткөрүлүүдө

 Кайгуул кызматынын жаш тескөөчүлөрүнө жол кыймылын жөнгө салуу боюнча сабактар өткөрүлүүдө

Кайгуул кызматынын жаш тескөөчүлөрүнө жол кыймылын жөнгө салуу боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрайба башкармалыгынын кызматкери Байзаков Музатай  көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тагыраагы, Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлерине жол тыгындарын алдын алууда жана жол кыймылын жөнгө салууда, таякча менен иш алып барууда тийиштүү кыймыл аракеттердин өз ордунда жана өз убагында аткарылуусу боюнча практикалык сабак өткөрдү.

Айрыкча көчөлөрдүн кесилиштеринде жол чырактары өчүп калган учурда, ошол кырдаалдан айдоочуларды жол кырсыктарына жана жол тыгындарына калтырбастан, алып чыгып кетүү, ошол кырдаалды жөнгө салуу учурунда, айдоочуларга көрүнүктүү жерде, жеткиликтүү багытта жол кыймылын жөнгө салуу багытында түшүндүрүп көрсөтүп берди.

Связанный пост