Кадыр Досоновдун буюртмасы менен жасалган он жыл мурдагы адам өлтүрүүнүн бети ачылды

“Женго” каймана аттуу Кадыр Досоновдун буюртмасы боюнча жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

маалыматка ылайык, быйыл УКМК тарабынан 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган А.З.А. аттуу жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде бул киши өлтүрүүнүн буюртмачысы болуп “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов экендиги, ал эми өлтүрүлгөн жаран жоюлган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун курамында болгондугу аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.Досонов менен А.З.А.нын ортосунда жеке кастык мамилелер болгондугу, буга К.Досоновдун “общак” деп аталган кылмыштуу шериктештиктин жалпы каражаттарынан акча өздөштүрүп алгандыгы тууралуу маркум А.З.А.нын маалыматы бар экендиги себеп болгондугу такталган.

А.З.А.нын К.Досонов тарабынан кылмыштуу чөйрөнүн жүрүм-турум эрежелерине каршы акча уурдаганы тууралуу маалыматты К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жеткирүү ниетинен улам Досонов өзүнүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө көрсөтмө берген.

Ошентип, 2015-жылдын 7-августунда соттолгон Жалал-Абад облусунун тургундары 1986-жылы туулган А.Р.Ш., 1986-жылы туулган Ю.Б.Н. жана Ош облусунун тургуну 1986-жылы туулган Д.А.Д. К.Досоновдун буйругу менен А.З.А.га күч колдонуп, анын тамырына өлүмгө алып келүүчү көлөмдө “героин” баңгизатын сайып, натыйжада ал ошол жерден каза болгон.

Азыркы учурда тергөө тарабынан бул кылмышка пенитенциардык тутумдун кызмат адамдарынын катыштыгы да текшерилип жатат, анткени 2015-жылдан бери А.З.А.нын өлүм себеби иш жүзүндө бекетилип келген жана өлүмгө баңгизаттарды ашыкча колдонуу себеп болгон деп гана саналган.

Баналдык уурулук фактыларын жашыруу максатында К.Досонов эч ойлонбостон жердешинин өлүмүнө буйрук берген. Андыктан бул кылмыштын мотивинин кынтыксыздыгына өзгөчө көңүл бурулат.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп жатат, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет.

Белгиленгендей, акыркы төрт жылда улуттук коопсуздук органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш болуп, анын алкагында болуп көрбөгөндөй натыйжаларга жетишилди.

Мурда маалымдалгандай, республиканын аймагында уюшкан кылмыштуу топтор, анын ичинде Камчы Көлбаевдин таасири экономика тармагынан тартып, мамлекеттик аппараттын коррупциялашкан өкүлдөрүнө чейин өлкө турмушунун бардык чөйрөсүнө жайылган топтор толугу менен жок кылынды.

Уюшкан кылмыштуулуктун кеңири тармагынын масштабы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган оор деңгээлге жеткен болчу.

Натыйжада УКМКнын алдына коюлган милдеттерди чечүүгө адаттан тыш мамиле кылбастан, компромисстик күрөшсүз, биринчи этапта өлкөдө уюшкан кылмыштуулук толугу менен жок кылынганын, алар финансылык ресурстардан ажыратылып, кылмыш жолу менен алынган мүлктөр мамлекеттин кирешесине айланганын белгилей кетүү керек.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн кийинки этабында пенитенциардык системаны модернизациялоо боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлөт жана тиешелүү чаралар көрүлөт, мында соттолгондорду түзөтүүнүн заманбап системасын курууга да өзгөчө мамиле талап кылынат.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өткөн жылдарда уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ал эми мурдагы шарттарда күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес болчу.

Связанный пост