«Кадастр» МИнын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы кармалды

 «Кадастр» МИнын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы кармалды

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй областтык прокуратурасы тарабынан «Кадастр» МИнын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы, жер мунапысы боюнча комиссиянын мүчөсү Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды.

Алсак, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, аталган кылмыш иштин алкагында үстүбүздөгү жылдын 30-мартында Аламүдүн районунун акиминин орун басары, аталган комиссиянын төрагасы кармалган эле.

Учурда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Связанный пост