Кадамжайда жаңы оорукана курулду
Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктады.
Аталган обьекттен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков кабар алып, курулуштун сапатын көрүп чыкты.
Курулуш үчүн жалпы 58 млн сом республикалык бюджеттен каржыланды.
Аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар азырынча Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эскилиги жеткен имаратында жайгашып турат.