Кадамжайда 18 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор курулду

Кадамжайда 18 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунун аталган борборго барды.

Соода-логистикалык борбор жергиликтүү калктын демилгеси менен ишке ашырылып жатат. Каржылоо Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында 10 млн сом жана жергиликтүү бюджеттен 8 млн сом бөлүнүп, жалпы 18 млн сомго курулган.

Борбордун курулуш максаты – айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү үчүн шарттарды түзүү. Бул болсо жергиликтүү дыйкандарга түшүм жоготууларын азайтууга, бааларды турукташтырууга жана кирешелерди көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Борбордун кубаттуулугу 500 тоннаны түзүп, продукцияны оптималдуу шартта сактоого жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Соода-логистикалык борбордун курулушу бүткөрүлүп, ишке берилип 12 жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү элдин өнүгүүсүнө салым кошууда.

Связанный пост