Көк-Жар конушунда бала бакчанын курулушу башталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда.

Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0,8 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа,   тазалоо шаймандары үчүн кампа,  ошондой эле машыгуу залы, музыкалык  зал каралган.

Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

Связанный пост