Көчмөндөр оюндары: Жалпы 1 577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү

 Көчмөндөр оюндары: Жалпы 1 577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жеринде 1 577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, медициналык камсыздоого 340тан ашуун медицина кызматкери тартылган. Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында негизги беш жайдан сырткары спортчулар жана оюндардын катышуучулары жайгашкан 20дан ашык объект текшерүүгө алынды.

Аталган объектилерде 3 684 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү.

“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон медицина кызматкерлеринин эмгеги анын тарыхынын бир бөлүгү болуп калды”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост