Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты
Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.