Көчмөндөр оюндары: Көкпар боюнча биринчи күндүн жыйынтыгы чыкты

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында көкпар боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды.

Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, бүгүн үч оюн өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:

  • Кыргызстан 12 – Монголия 1;
  • Россия 11 – Венгрия 1;
  • Өзбекстан 4 – Афганистан 1.

“Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө.

Связанный пост