Көчмөндөр оюндары: Бир катар өлкөлөрдүн спорттук делегациялары келди
28-августка караган түнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга бир катар чет элдик спорттук делегациялар келишти. Бул тууралуу оюндардын медиа штабынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын арасында Бангладеш, Мексика, Бурунди, Колумбия, Чили, Ливия, Франция, АКШ, Литва, Улуу Британия, Бельгия, Испания, Румыния, Сауд Арабиясы жана Австриядан делегациялар бар.
Чет элдик спорттук делегацияларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тосуп алышты.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ага дүйнөнүн 113 өлкөсүнөн спортчулар катышат.