Көчмөндөр оюндары өтүүчү аймакка алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси

 Көчмөндөр оюндары өтүүчү аймакка алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси

1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл жергесинде өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына миңдеген коноктор келери күтүлүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага келген көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында айрым буюмдарды оюндар өтүүчү аймактарга алып кирүүгө тыюу салынат.

– Курал-жарак жана ок-дарылар;
– бычак, курч миздүү жана башка кооптуу буюмдар;
– жарылуучу заттар жана пиротехникалык каражаттар;
– күйүүчү, тез тутануучу жана химиялык заттар;
– спирттик ичимдиктер;
– айнек бөтөлкө жана башка айнек буюмдар;
– лазер көрсөткүчтөр;
– Уруксатсыз дрондор жана учуучу аппараттар.

“Бул талаптар биринчи кезекте көрүүчүлөрдүн, спортчулардын, коноктордун жана уюштуруучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киргизилген”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан министрлик оюндар өтүүчү жайга жөнөп жатканда сумкадагы буюмдарды алдын ала текшерип алууну эскертти.

Связанный пост