Испания Аргентинаны жеңип, дүйнө чемпиону болду
Испаниянын футбол боюнча курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатын жеңип алды.
Финалдык беттеште Европанын азыркы чемпиону болгон Испания дүйнөнүн азыркы чемпиондору эсептелген Аргентина курамасы менен кез келди.
Оюндун жүрүшүндө испандыктар толук артыкчылыкка ээ болгону менен, өздөрүнүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрүн голго айланта алышкан жок.
Негизги убакыттын эң соңку мүнөттөрүндө Аргентина курамасынын оюнчусу Энцо Фернандес экинчи сары баракчасын алып, талаадан чыгарылды.
Месси баштаган команда биринчи кошумча таймда атаандаштын чабуулдарынан коргонууга жетишкени менен, экинчи экстра-таймдын дал биринчи мүнөтүндө гол өткөрүп жиберишти. Ферран Торрес так соккусу менен испаниялыктарды дүйнө чемпионатына жетелеген голду жарата алды.
Испания 1:0 эсебинде жеңишке жетип, өз тарыхында экинчи ирет дүйнө чемпиону аталды. Буга чейин испандыктар биринчи жолу алтын медалды 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн турнирде багындырышкан.
Ал эми коло медаль үчүн беттеште Англия Францияны жеңип, үчүнчү орунга ээ болгон.