Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорлугуна Умбриэль Темиралиев дайындалды

 Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорлугуна Умбриэль Темиралиев дайындалды

 Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Темиралиев Умбриэль Темиралиевич президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Связанный пост