Индия менен Кыргызстандын парламенттер аралык алакаларын арттыруу талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселеси талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу да сөз болду.

Нурланбек Тургунбек уулу Бирендер Сингх Ядавды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, тажрыйбалуу элчи катары эки мамлекеттин мамилесин жаңы деңгээлге чыгарат деген ишеничте экенин кошумчалады.

Ошондой эле Төрага Кыргызстан Индия менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Эки өлкөнүн жетекчилери эл аралык аянтчаларда жолугушуп, алакаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулап келишет. Себеби бизде өнөктөштүктү өрчүтүүгө керектүү мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Анын ичинен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, экономикалык байланыштарды тереңдетүүбүз кажет”, – деди.

Андан тышкары, Кыргызстанда көп жылдардан бери Индиянын миңдеген студенттери билим алып келе жатканын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу агартуу жана саламаттыкты сактоо тармактарында да кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин билдирди.

“Бирок биз соңку жылдары аталган багыттагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү күчтөндүрүп, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өзгөчө басым жасап жатабыз. Ага ылайык, бардык жогорку окуу жайлар, анын ичинен медицина жаатында билим берген мекемелер тыкыр көзөмөлгө алынууда. Биз Индия сыяктуу ири мамлекеттерге билими жана тажрыйбасы жогору адистерди даярдап берүүгө кызыкдарбыз”, – деди Төрага.

Жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселесине да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Индиянын парламентаризм жаатында тажрыйбасы чоң экенин белгилеп: “Андыктан, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды байма-бай өткөрүүбүз зарыл”, – деди.

Өз кезегинде элчи Бирендер Сингх Ядав да Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү. Тагыраагы, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү менен Борбор Азия жана Индия форматындагы иш-чараларды уюштуруу маселелерине токтолду.

Мындан сырткары, Индия Кыргызстан менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин айткан элчи, алардын ичинен соода байланышын көбөйтүү башкы максаты экенин кошумчалады.

Связанный пост