Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Индия элинин жана Индия Өкмөтүнүн атынан сизди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамын майрамдоого байланыштуу куттуктайм.

Ыйык Рамазан айында Индиянын жана бүткүл дүйнө мусулмандары бир ай бою орозо кармап жана дуба кылышты. Көндүм болгондой Орозо айтка даярданып жатып дүйнө жүзүндөгү адамдар бир туугандык жана ынтымак тууралуу эстешет. Биз тынчтык жана гармонияны, дүйнөдөгү бардык адамдар үчүн бекем ден соолук жана бакыт тилейбиз. Улуу маратабалуу менин эң жогорку урматтоомду кабыл алыңыз”,- деп айтылат куттуктоо катында.

Связанный пост