ИИМ: Видеокамералардын жардамы менен 2023-жылдын ичинде 3 миңге жакын кылмыш ачылды

Видеокамералардын жардамы менен 2023-жылдын ичинде 3 миңге жакын кылмыш ачылды. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Бүгүнкү күндө видеобайкоо камералары көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берип, окуяларды документтештирүүгө жана кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип келет. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө видеобайкоо көчөлөрдө, турак жайларда жана башка эл көп чогулган жерлерде коопсуздуктун ажырагыс бөлүгүнө айланууда.
2021-жылдын октябрынан тартып Ички иштер министрлигинде Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору ишке киргизилип, Кыргыз Республикасынын баардык аймактарын, бардык региондордун камералары бирдиктүү видео байкоо тутумуна бириктирилип коомдук тартипти сактоодо өз салымын кошууда. Анын максаттары жана иш-аракеттери республиканын бардык аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүүгө, коомдук жайларда мыйзамдуулуктун жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга кызматтардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө, техникалык камсыздоону жакшыртууга, бирдиктүү координациялык платформаны түзүүгө багытталган.
Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында, коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулган. Алардын ичинен 800дөн ашык видеокамера ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын алдында Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган, анын ичинен 100дөн ашык камера адамды жүзүнөн тануучу ситемага кошулган.
Өлкөдөгү бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу 24 саат бою 7 күн көзөмөлгө алынат. Өткөн жылы видеокамералар аркылуу 3300дөн ашык кылмыш жана окуялар аныкталып, ар бирине мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынды.
Видеокамералардын жардамы менен 2023-жылдын ичинде 3 миңге жакын кылмыш ачылды, издөөдө жүргөн 800дөн ашык анан ичинен 100дөн ашыгы эл аралык, интерполдо издөөдө жүргөн кылмышкерлер кармалып, 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталып, 200дөй мушташтын алдын алуу иш аракеттери жүзүнө ашырылган.
Ал эми, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ичинде, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайларында 300дөн ашык видеокамера менен көзөмөлгө алынып турат.
Учурда ИИМдин демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдар менен бирдикте дагы жүздөгөн видеокамераларды орнотуу мерчемделүүдө.

Связанный пост