ИИМ окуучуларды буллингден коргоого чакырды
Ички иштер министрлиги мектептерде буллингдин алдын алууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, окуучуларды мазактоо, кемсинтүү, коркутуу, шылдыңдоо жана бөлүп коюу буллингдин көрүнүштөрүнө кирет. Мектеп ар бир бала өзүн коопсуз сезе турган жай болушу керек.
Министрлик ата-энелер менен мугалимдерди балдардын жүрүм-турумуна көңүл буруп, көйгөй жаралган учурда аларды колдоого жана тиешелүү жардамга кайрылууга чакырды.
Ошондой эле окуучуларды бири-бирин урматтоого, колдоого жана зомбулукка жол бербөөгө үндөдү.