ИИМ: Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

 ИИМ: Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Кыргызстанда ички иштер органдарынын өздүк курамы Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында ИИМ уюштуруу жана практикалык чараларды көрүү менен коопсуздук чараларын күчөтүүдө.

Министрликтин “Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” буйругуна ылайык, укук тартибин сактоого, анын ичинде жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга багытталган комплекстүү иш-аракеттер планы иштелип чыкты.

18-марттан 23-мартка чейин Бишкек шаарынын Т. Усубалиев атындагы эски аянты жабылат. Мындан тышкары, Абдымомунов көчөсү, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы чектелет.

ИИОнун аймактык бөлүмдөрүндө коопсуздукту камсыздоо, коргоону уюштуруу, ар кандай кырдаалдарга ыкчам чараларды көрүү, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сактоо, жарандарга маданияттуу, сылык мамиле кылуу боюнча тескемелер өтүүдө.

“Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт. Ошондой эле майрамдык иш-чараларды өткөрүүчү жерлерде коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат”, – деп айтылат маалыматта.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат.

Связанный пост