ИИМ: Кыргызстанда акыркы коңгуроо одоно мыйзам бузууларсыз өттү

 ИИМ: Кыргызстанда акыркы коңгуроо одоно мыйзам бузууларсыз өттү

26-майда республиканын бардык билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Бул өзгөчө күнү бүтүрүүчүлөр мектеп, мугалимдер жана балалык менен коштошуп, жаңы чоң турмушка кадам ташташты.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, массалык иш-чаралар одоно мыйзам бузууларсыз, тынч өттү.

Мектептердин аймагында жана массалык чогулуштар өткөрүлүүчү жайларда коомдук тартипти сактоого 6 миң милиция кызматкери тартылган.

Айрым учурларда майда тартип бузуулар катталып, аларга ички иштер органдарынын кызматкерлери ыкчам чара көрүшкөн. Жалпысынан абал туруктуу жана көзөмөлгө алынган.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо боюнча иштерди дагы да улантат. Ата-энелерге жана мугалимдерге өспүрүмдөрдүн бош убактысына көңүл буруп, укук коргоо органдары менен кызматташуунун маанилүүлүгү эскертилет.

Связанный пост