III Парламенттер аралык форумдун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды

 III Парламенттер аралык форумдун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды.

Парламенттер аралык форумда айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу: “Биз биргелешкен аракет менен чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыздоого жана коңшулаш жашаган беш мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу боюнча пикир алмаштык. Көтөрүлгөн ар бир маселе эске алынып, Бишкек декларациясында камтылды. Бул декларация Борбордук Азиядагы мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы диалогду кеңейтип, аймактык өнүгүүнүн башкы жол картасы болоруна терең ишенем”, – деди.

Ошондой эле декларацияны колдоого алган парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирген Төрага форум өз максатына жеткенин кошумчалады.

Связанный пост