ХХII Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү

11-сентябрь күнү ХХII Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ага Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдрахманов жана Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясынын вице-президенти, профсоюздардын ыктыярдуу физкультура жана спорт коомунун Республикалык кеңешинин аткаруучу директору Владимир Лецкий катышты.

Мелдешке Республиканын бардык аймактарынан жана Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Иран, АКШ, Кытай жана Швециядан келген 1500ден ашык спортчулар катышууда.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар спорттун 24 түрүнөн (волейбол, кум үстүндөгү волейбол, кичи футбол, кум үстүндөгү футбол, кум үстүндөгү регби, баскетбол 3х3, кол күрөш, таяк тартыш, самбо, кум үстүндөгү күрөш, сумо, алыш белбоо күрөшү, кыргыз күрөшү, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, кум үстүндөгү бадминтон, гиря көтөрүү, дартс, сууда сүзүү, аркан тартыш, оордуктарды ташуу, бука тартыш, штанга көтөрүү) күч сынашууда.

Белгилей кетсек, мелдеш 11-сентябрь күнү башталды, 17-сентябрь күнү жыйынтыкталат

Связанный пост