Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик Кыргызстанга келди

 Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик Кыргызстанга келди

Бүгүн, 8-августта UFC`нин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу EFC 49 турниринин уюштуруучулары билдирди.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 49 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга Eagle футбол клубунун президенти Шамиль Завуров, ошондой эле “Хасбик” каймана аты менен таанымал россиялык белгилүү блогер Хасбулла Магомедов жана анын командасынын башка өкүлдөрү менен бирге келген.

Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарында 10-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 49) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 18:00дө башталат.

Спорттук иш-чара 14 беттешти камтыйт, алардын эң башкысы Бусурманкул Абдибаит уулу (Кыргызстан) менен Руслан Магомедовдун (Россия) беттеши болуп саналат.

Связанный пост